Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Якутск шаарында кыргыз жубайлар иске ууланып каза болду

Якутск шаарында кыргыз жубайлар иске ууланып каза болду

Россиянын Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болушту, деп билдирет Кыргызстандын Россиядагы элчилиги.


Элчиликтин маалыматына ылайык, алар 1992-жылы туулган М.у.Т. жана 1990-жылы төрөлгөн К.Ж. аттуу (жубайлар) Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.


Кыргыз Республикасынын Якутск шаарындагы элчилигинин кеңсесинде маркумдун жакын тууганы менен жолугушуу болуп, ага сөөктөрдү Кыргызстанга алып кетүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлдү жана тийиштүү зарыл документтер кабыл алынды.


Белгилей кетсек, каза болгон жубайлардын жашы жете элек баласы бар, ага Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасы кам көрүүдө.


Бул маселе КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинин көзөмөлүндө турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн