2021-жылдын январь-март айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды (мамлекеттик казына векселдерим (МКВ) жана мамлекеттик казына облигациялары(МКО) чыгаруудан Кыргызстандын республикалык бюджетине 7 миллиард 104,9 миллион сом түшкөн. Мындай маалыматтар Экономика жана Финансы министрлигинин "Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын январь-май айындагы мамлекеттик карызын тейлөө боюнча маалымат" материалдарында келтирилген.
Республикалык бюджетке келип түшкөн жалпы сумманын 248,3 миллиону МКВларды чыгаруу аркылуу алынган жана 6 миллиард 856,6 миллиону МКОларды чыгаруунун эсебинен алынган, анын ичинде:
- 2 жылдык МКВ - 477 млн сом,
- 3 жылдык МКВ - 717,4 млн сом,
- 5 жылдык мамлекеттик казына векселдери - 2 390,1 миллион сом,
- 7 жылдык МКВ - 708,9 млн сом,
- 10 жылдык МКВ - 2 563,2 миллион сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн