Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:04
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Юридикалык баа берилет. Зулушев Адахан Мадумаровдун иши боюнча жооп берди

09.02.2022 12:52
877
Юридикалык баа берилет. Зулушев Адахан Мадумаровдун иши боюнча жооп берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында Адахан Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу иш боюнча маалымат берди.


Анын сөзүнө караганда, Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Тажикстандын өкүлдөрү менен эки жолу жолугушуу өткөргөн. Андан кийин мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун жана ошол кездеги транспорт министринин тапшырмасы менен да тажик тарап менен жолуккан.


“Бул протоколдордун баарына тең юридикалык баа берип атабыз. Тергөөгө адам бара электе эле ким суракка барат, кандай суралып атат маалыматтар чыгып кетүүдө. Бүгүн бардыгы суралып, юридикалык баа берүү алдында турат. Себеби, ал жерде мамлекеттин кызыкчылыгы турат”, - деди Зулушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн