Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:52
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖЭБдеги жабыркагандардын экөө Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат

ЖЭБдеги жабыркагандардын экөө Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат


Бишкек Жылуулук электр борборунда катталган авариядан жабыркаган эки кызматкер Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышты, ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүштү.

Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар аң-сезимдүү экенин, реакция билдирип, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болоорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кечээ президенттин жабырлануучулардан кабар алганы баргандан кийин тажрыйбалуу чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырмаларды бергенин белгилеп өттү. Буга байланыштуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу аркылуу түрк адистери келишти.

Кеңешменин жыйынтыгында эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн