Бугу 22, 2024
Убакыт: 05:38
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

ЖК депутаты кредиттерин төлөй албай жаткандарды "кара тизмеге" киргизбөөнү суранды

18.03.2020 10:26
4956
ЖК депутаты кредиттерин төлөй албай жаткандарды "кара тизмеге" киргизбөөнү суранды


Кыргызстанда коронавирус катталып жаткан кырдаалда кредиттерин төлөй албай жаткан жарандарды "кара тизмеге" киргизбей турууну Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 18-мартта парламенттик жыйында өкмөттөн суранды.


Анын айтымында, учурда орто жана кичи бизнестер өз ишин токтотуп турууга тапшырма берилген. Ушул абалга байланыштуу кафе-рестарандар, клубдар жана башка чакан бизнестер иштебей жаткандыктан кредиттерин төлөй албай, кыйынчылыкка кептелүүдө.


"Биз тишелүү комитеттин жыйынында Улуттук банктын өкүлдөрүнөн суранганбыз. Бирок бул сунуш четке кагылган. Дагы да суранып кетээрим биздин аймакта да өзгөчө кырдаал жарыялана турган абалга келдик. Көп бизнестер иштебей турган болду. Ошодуктан кредиттерин төлөй албай жаткандарды абал тынчымайын "кара тизмеге" киргизбей туруу жана үй жайларын тарттырып ийүү коркунучунан сактай туруу зарыл", - деди депутат


Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Жылдыз
Бизнесмендерге жардам ,ал Эми айлык карагандаргачы
Сатыбалдиева Клара
Башыбызга келген сыноолордон аман эсен отуп кетсек толоп баштайбыз азыр журокту ойугон ушул биринчи оорунда болуп жатпайбы уйдо олтуруп калсак кридит эмне болот деп
Назгул
Мен да макулмун.Элдин копчулугу кредит менен оокат кылат.Акыркы убакта мткрокредиттер айылдарды кыдырып пенсия,пособиеге да бытавой техника,телефон,телевизор ж.б кредитке беришкен.Андан башка майда соодагерден,чон бизнесмендерге чейин кредит менен иштешет.Азыркы убакта ушул чыккан ооруга байланыштуу ,эл кредит того албай калышы толук мумкун.Жогорку кенештин депутаттары,мындац сунушту четке какпай элдин пайдасына чечип беруусун суранат элем.
Рахат Ашкулов
Азаматсын, туура маселе көтөрдүн.
Алтынбек
Эн туура