Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК депутатынын уулу бейбаштыкка айыпталууда

15.07.2021 15:45
967
ЖК депутатынын уулу бейбаштыкка айыпталууда

Бишкектеги кафеде Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баласы Нуригман бейбаштыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.


Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, 6-июлда И.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 18:20лар чамасында Киев көчөсүндөгү кафелердин биринде Н. аттуу жигит оозго алгыс сөздөр менен кызды тилдеп, денесине залал келтиргени жазылган.


Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


“Арыз жазган кыздын айтымында, ал 6-июль күнү саат 18:20лар чамасында өзүнүн жумушу – кафеде болгон. Кафеге Н. аттуу таанышы келип, агрессия көрсөтө баштаган. Жигит кыз менен мамилени жөнгө салгысы келип, сөгүнүү менен кыздын билегинен тартып, сыртка чыгарууга аракет кылган. Андан кийин кыз “102” кызматына чалган”, - деп айтылат маалыматта.


21 жаштагы З.Н. аттуу жигит суралганы айтылат. Ал И.А. аттуу кыз менен мектеп жашынан бери тааныш экенин жана мамилени жөнгө салуу үчүн кафеге келгенин билдирген.


Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн