Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖК депутаттары Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты

10.06.2022 11:30
840
ЖК депутаттары Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты

9-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Русланбек Жакышов менен Нуржигит Кадырбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер жана эл аралык иштер боюнча комиссиясынын видеоконференция форматында өткөн отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Отурумда "Тышкы саясий кызматташтыктагы парламенттердин ролу" аталышындагы маселе жана башка бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору талкууланды. Ошондой эле отчеттор жана сунуштамалар боюнча баяндамалар жасалып, комиссиянын кийинки отурумунун мөөнөтү жана күн тартибинин долбоору каралды. Белгилүү болгондой, Укуктук маселелер жана эл аралык иштер боюнча комиссиянын кийинки отурумун 2023-жылдын февраль айында өткөрүү сунушталууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн