Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

ЖК депутаттары "Кытай – Борбордук Азия" саясий партияларынын диалогунун l жыйынына катышты

15.06.2023 11:28
344
ЖК депутаттары "Кытай – Борбордук Азия" саясий партияларынын диалогунун l жыйынына катышты


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган эл өкүлдөрү Айбек Маткеримов, Улугбек Ормонов, Балбак Түлөбаев, Эмил Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле Борбордук Азиядагы саясий партиялардын өкүлдөрү Пекин шаарында өткөн "Кытай - Борбордук Азия".саясий партиялардын диалогунун l жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чараны ачып жатып, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Лю Цзянчао мырза ККП менен Борбордук Азиянын саясий партияларынын ортосундагы мамилелердин узак жана жемиштүү тарыхына токтолуп, биргелешип өнүгүүдөгү алардын жоопкерчилигин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө төраганын орун басары Жамиля Исаева Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулоого мүмкүндүк берген "Борбор Азия – Кытай" диалогдук аянтчасынын уникалдуулугун белгиледи. "ККП БКнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин бүткүл адамзаттын баалуулуктарынын чырмалышкан « Тагдырлары бирдей болгон жамааттар » идеясы Кытайда гана эмес, ошондой эле эл аралык аренада резонанс жаратууда", - деди Жамиля Исаева, ошондой эле ККПнын Кыргызстандын парламенттик партиялары менен активдүү кызматташтыгын белгиледи.

Андан ары “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов партиянын өнүгүү тарыхына токтолуп, “Ата Журт Кыргызстан” Кыргызстандагы алдыңкы партия экенин белгиледи. «Биздин партия стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана Кытай – Борбордук Азиянын жалпы тагдыры коомчулугун түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр», - деди А.Маткеримов.

Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов өз сөзүндө жакшы коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду. «Эл бириксе Тайшан тоосу жылып кетет» деп кытай макалында айтылгандай, биргелешкен аракет менен гана берекеге жете алабыз», - деди Улугбек Ормонов.

Өз кезегинде “Ынтымак” фракциясынын лидеринин орун басары Балбак Түлөбаев Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин бардык күчтөрүн колдонуу менен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу келечекте оң натыйжаларды берет деп ишенем”,-деди депутат.

Ошондой эле, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев ааламдашуу процессинде саясий партиялардын жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрүп, алар өз элдеринин өзгөчөлүгүн сактап калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоо керектигин айтты.

Андан соң "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын жана партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков мамлекетте саясий партиялардын болушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири экенин белгиледи.

""Ыйман Нуру" фракциясынын лидери катары "Ыйман Нуру" Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын ортосундагы партиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишендире алам", - деп жыйынтыктады Нуржигит Кадырбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн