Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:13
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ЖК комитети Билим берүү министрлигине Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду

16.02.2022 13:20
552
ЖК комитети Билим берүү министрлигине Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 16-февралда Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитети Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырды.


Талапкерлигин кароо учурунда депутат Дастан Жумабеков эмне себептен министрликтен кетип, кайра келгенин сурады. Эл өкүлү "элчи болуш үчүн гана кызматтан кеттиңиз беле?" деп кызыкты.


"Буга чейин министр болуп алты ай иштегем. Президенттин чечиминин негизинде Швейцарияга элчи болуп дайындалдым. Мен бул кызматка кетүүнү суранган эмесмин, өлкө башчынын саясаты ушундай болгон. Президент кайра чакырды, ошондуктан келдим. Эч кандай жеке маселе жок", — деди Бейшеналиев.


Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2020- жылдын жай айларында Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн