Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖК комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, авариядан кийинки жасалып жаткан иштер менен таанышты

13.02.2024 15:50
259
ЖК комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, авариядан кийинки жасалып жаткан иштер менен таанышты


Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, ал жердеги кырдаал, авариядан кийинки жасалып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.


Болуп өткөн кырсык жана андан кийинки жасалып жаткан иштер тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев өзү маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор болуп, жалпы кубаттуулугу 392 МВт түзгөн. Ал эми 2-февралда түнкү саат 2:59да болгон авариядан кийин 6 буу казан агрегаты өчүрүлгөн. Натыйжада кубаттуулук 196 МВтга чейин азайган.


Учурда ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб калыбына келтирүү иштерин улантууда. Бүгүнкү күндө борбор калаанын жашоочуларын жылуулук менен камсыздоо толугу менен ишке ашып жатканын министр кошумчалады.


Белгилей кетсек, ЖЭБдеги авариянын эмне себептен келип чыкканын атайын түзүлгөн комиссия аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн