Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК комитети Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкарууну колдоду

01.11.2022 08:39
393
ЖК комитети Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкарууну колдоду



Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды.


Долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө каршы болгон. Алар  Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков.


Депутат Чолпон Султанбекова кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ачык карала тургандыгын кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн