Жыйынга катышпай, катталып коюп чыгып кеткен депутаттарга чара колдонулат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш мыйзамды сакташ керек жана башкалардан да талап кылыш керек.
"Мындан ары мыйзамдын аткарылышын өзүбүздөн баштайбыз. Жыйынга катышпай же жүйөлүү эмес себептерден улам өз ишин аткарбаган депутаттардын айлыгын Эмгек кодексине жараша кыскартабыз жана кыркабыз.
8 сааттык жумуш убактысында депутат өз милдеттерин аткарууга тийиш",- деди төрага Шакиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн