Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖК төрагасы Кербен – Таш-Кѳмүр жолунун курулушу менен таанышты

11.11.2022 17:26
298
ЖК төрагасы Кербен – Таш-Кѳмүр жолунун курулушу менен таанышты

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен – Таш-Кѳмүр автоунаа жолунун курулушу менен таанышты.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тагыраагы аталган жолдун Таш-Көмүр – Кызыл-Жар тилкесиндеги асфальттоо иштерин жеринде көрдү. Учурда бул тилкенин 10 чакырымы оңдолууда.


Нурланбек Шакиев Кербен – Таш-Кѳмүр жолу аймак үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: “Калктын социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишинде жолдордун таасири чоң. Андыктан мамлекет тарабынан унаа жолдорун оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн кан тамыры болгон каттамдарды ачуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.


Муну менен катар жолдордун сапатын тыкыр көзөмөлдөө керектигин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы пландалган жолдун курулушун убагында бүткөрүүгө чакырды.


Жергиликтүү эл буга чейин аталган жолдун начардыгы калкка ыңгайсыздык жаратып келгенин айтып, жолдун оңдолушуна түздөн-түз көмөк көрсөткөн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдиришти.


Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, бир катар социалдык маселелелер менен жеринде таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн