Кулжа 20, 2025
Убакыт: 18:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

ЖККУнун "Рубеж-2021" машыгуусуна карата даярдыктар көрүлүүдө

12.08.2021 15:01
543
ЖККУнун "Рубеж-2021" машыгуусуна карата даярдыктар көрүлүүдө

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов ЖККУнун "Рубеж-2021" машыгуусуна даярдыктарды текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов ЖККУ Борбор-Азия аймагында тез жайылтуу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен  болуучу “Рубеж-2021” машыгуусуна болгон даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында 20636 аскер бөлүгүндө болду. Аталган машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтөт.


 Полковник А. Карасартовдун иш-сапарында күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүүк жана ар тараптуу камсыздоо боюнча машыгууну уюштуруучу кызмат адамдарын угуп, башкаруу пунктунун жайгаштыруу ордуларын, окуу-машыгуу обьектилеринин базасын карап чыгып, тиешелүү тапшырмаларды койду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн