Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ЖКнын депутаттары Оштогу "Достук" көзөмөл өткөрүү жайына барды

20.12.2022 11:15
462
ЖКнын депутаттары Оштогу "Достук" көзөмөл өткөрүү жайына барды



Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасынын «Достук» өткөрмө пунктуна барышты. Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Карим Ханджеза, Азамат Исраилов, Алишер Козуев, Шайлообек Атазов андагы жасалып жаткан иштер менен таанышты.


Депутаттар алгач «Достук» өткөрүү бекетинин электрондук өткөрүү пунктунун ишине кызыгышты. Мамлекеттик бажы кызматы “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоорун пилоттук режимде ишке киргизгени жана жүк ташыган айдоочуларга бир топ ынгайлуу шарт түзүлгөнү белгиледи. Учурда электрондук түрдө бардык процесске байкоо жүргүзүүгө шарт бар экени айтылды.


Ал эми депутат Алишер Козуев өткөрмө бекет реконструкцияланганга чейин жана андан кийин автотранспортту өткөрүүдө кандай айырмачылыктар байкалганына кызыкты. 

Эл өкүлү Искендер Матраимов мында электрондук ыкмага өткөн менен коррупция толугу менен жоюлду деп эсептебей турганын айтып, тыкыр көзөмөлдөөнү сунуштады.


Белгилүү болгондой, буга чейин чек араны көзөмөлдөө процесси кол менен жүргүзүлүп келген. Товарларды өткөрүү пунктунан алып өтүү үчүн 4-11 саат талап кылынган. Өткөрмө пункт реконструкциялангандан кийин жарандардын өтүүсү 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйгөн. Буга чейин аталган бекеттин ишмердүүлүгү тууралуу сын-пикирлер айтылып, кийинчерээк оңдоп-түзөө иштери башталган эле.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн