Бүгүн, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы шайланды.
Аталган тармактык комитеттин төрагалыгына Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 80 депутат колдоду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн