Африканын батыш аймагындагы Камерун өлкөсүнө кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик телеканал CRTV билдирди.
Телеканалдын маалыматы боюнча, бейшемби күнү Бана жана Баку калктуу конуштарында мөндүр жаап жана кар жааган. Кардын калыңдыгы болжол менен 0,05 миллиметрди түздү.
Бана шаарынын мэри Жан-Батист Сангха бул көрүнүш климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экенин айтты. Кар менен мөндүр жаагандан кийин бир нече үйдүн чатырлары сынып, унаа кыймылы токтоп, бир катар плантациялар жабыркаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн