Кыргызстанда жогорку окуу жайларда үч багыт боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
2025-2026-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди.
- "Юриспруденция" (бакалавр, магистр);
- "Экономика" (бакалавр, магистр);
- "Менеджмент" (бакалавр, магистр).
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн