Бүгүн, 27-апрелде эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду. Маалыматты үй-бүлөсүнүн жакындары тастыкташты.
Белгилүү болгондой, жубайлар 65 жыл бирге жашап, үч баланы тарбиялап өстүрүшкөн.
Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражасынын ээси Бексултан Жакиев 25-апрелде көз жумган. Анын сөөгү кечээ, 26-апрелде жерге берилген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн