Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жакында Өмүрбек Суваналиев да камалабы?

18.02.2021 09:48
986
Жакында Өмүрбек Суваналиев да камалабы?


Милициянын генералы Курсан Асанов 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин ИИМди басып алган деген айып менен камакка алынган. Жакында анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова ошол учурдагы Асановду ИИМге жиберген документти жарыялады. Анда ошол кездеги УКМКны убактылуу жетектеп турган Өмүрбек Суваналиевдин колун байкоого болот. Токтакунова Суваналиевдин Баткенге губернатор болуп кеткенине таң калганын жашырган эмес.


Достор, бир суроого жооп табууга жардамыңар керек. Курсан Асановдун балдары “Эже, эмне үчүн биздин атабызды кызматка жиберген адам губернатор болот да атабыз түрмөдө отурат?” деп суроо берүүдө”, - дейт Токтакунова.


Чынында акыйкаттык орносун десек Асанов сыяктуу 5-октябрдан кийин ар кайсы мамлекеттик мекемелерди басып алгандар да жоопко тартылышы керек. Булардын катарында Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары болуп туруп УКМКны ээлеп алган Суваналиев да бар. Эгер мыйзам баарына бирдей иштесе Өмүрбек мырза да камалабы?

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн