Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жактоочу Нурбек Токтакунов кайрадан кармалганы айтылууда

25.03.2022 11:37
359
Жактоочу Нурбек Токтакунов кайрадан кармалганы айтылууда

Жактоочу Нурбек Токтакунов күч органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги жактоочу Бакыт Автандил уулуна таянып билдирди.


Анын айтымында, бүгүн эртең менен Токтакуновду кармап кетишкен.

"Бүгүн эртең менен күч органдарынын кызматкерлери Нурбек Токтакуновду кармап кетишти. Азыр ал кайсы жерде экени белгисиз",- деди Автандил уулу.


Эске салсак, Нурбек Токтакунов сотторду мыскылдаганы үчүн кечээ беш суткага камоо чечими чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн