Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

30-октябрда 23:52де Жалал-Абад облусунда күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек, Сумсар, Тенги айылдарында 2 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн