Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди

31.05.2023 15:00
334
Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди


Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясынын алдында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесиндеги Каныбек Маманов, Эркин Исматуллаев жана Мадина Эркулова мандат тапшырылды.

Депутаттарга күбөлүк жана төш белгини шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Эскерте кетсек, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Заттарбек Боронбаев Жалал-Абад шаардык “Жол” башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми аталган фракциянын депутаттары Наргиза Караева жана Бабаравшан Каримов өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн