Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад шаарында автоунаа карактаган кылмыштуу топ кармалды

09.02.2021 18:18
563
Жалал-Абад шаарында автоунаа карактаган кылмыштуу топ кармалды


2021-жылдын 27-январь күнү Жалал-Абад шаарынын 35 жаштагы тургуну М.З. арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 23-январынан 24-январына караган түнү үйүнүн алдында турган өзүнө таандык болгон БМВ  үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы эшигинин айнегин сындырып унаанын салонунан магнитафонун, алдыңкы бамперин жана воздухомерин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен – деп , мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Ал эми 2021-жылдын 6-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.А. арыз менен кайрылып, жогорудагыдай эле фактыга окшош мааниде кабарлап, шаардын аймагындагы автоунаа оңдоочу жайдан ремонтто турган БМВ үлгүсүңдөгү автоунаасынын радиаторун, 2 даана фара, магнитафон, аккумулятор, бир даана күзгүсүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин жана ага жалпы - 38 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгендигин билдирген.


Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне  Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Тергөө амалдарынын жүрүшүндө берилген тергөө тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, январь айында болгон фактыга байланыштуу кылмышка шектүү катары Сузак районунун  тургуну 2001-жылы туулган К.Р. кармалып, кылган кылмышын толугу менен мойнуна алган. 


Ошондой эле февраль айында болгон окуя боюнча кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары ошол эле 2001-ж.т. К.Р. жана 2001-ж.т. А.А., 2000-ж.т. М.И. кармалышып, тиешелүү далил буюмдар алынып тергөөгө өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн