Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жалал-Абадда ПЦР-тесттердин жасалма анализин чыгарып турган лабораториялар аныкталды

21.02.2022 10:00
591
Жалал-Абадда ПЦР-тесттердин жасалма анализин чыгарып турган лабораториялар аныкталды

ПЦР-изилдөөсүнүн терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча туруктуу канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 18-февралында УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринеде катталган материалдардын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.


Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиякасса адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн. ПЦР-тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.


Ковид-19 үчүн ПЦР тесттерине муктаж болгондор, ПЦР тесттеринен өтпөстөн, “Whats app” мессенджери аркылуу “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга авиакассалар жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.


Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.


Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн