Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда баасы 117 млн сомдук курорт мамлекетке кайтарылды

14.10.2021 16:44
1664
Жалал-Абадда баасы 117 млн сомдук курорт мамлекетке кайтарылды

Прокуратура органдары тарабынан жалпы баасы 117 млн 120 миң сомду түзгөн 16 га аянттагы биосфералык, курорттук жана рекреациялык жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын курортунун «Шор-Булак» минерал суу булагынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 16 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.


Алсак, Жалал-Абад шаардык Советинин 1991-жылдагы чечими менен аталган жер тилкеси жер жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.


Жогорудагы жер тилкеге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толук канааттандырылган.


Ошондой эле, Жалал-Абад шаардык мэриясына Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 117 млн 120 миң сомду түзгөн 16 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн