Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Жалал-Абадда баасы 37 млн сомдон ашык спорт зал мамлекетке кайтарылды

17.02.2022 17:57
547
Жалал-Абадда баасы 37 млн сомдон ашык спорт зал мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан баасы 37 млн. 480 миң сомду түзгөн 0,15 га жер аянтында жайгашкан спорт залы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Сузак райондук сотунун 2013-жылдагы токтому менен Жалал-Абад шаарында жайгашкан А.Батыров атындагы Эл достугу университетинин окуу корпусу 0,36 га жер аянты менен мамлекеттин эсебине конфискацияланган. Бирок, окуу жайдын жанында жайгашкан спорттук залы "Дустлик" ачык акционердик коомунан конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесине киргизилбей калгандыгы аныкталган. 


Аталган спорт залды мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Жалал-Абад шаардык прокуратурасы сот органдарына доо арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылып, кыймылсыз мүлк объектиси мамлекеттин балансына алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн