Бүгүн, 18-августта Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Такталган маалымат боюнча Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк сатуучу магазин күйүп жатат деген кабар түшкөн жерине №55 ӨК-КБнөн бир бөлүм 06:14 тартылган.
Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга Кыргызнефтигаз ААКнун эки даана өрт өчүрүү автоунаасы жана Кочкор-Ата шаардык тазалык иш-канасынан автошаты тартылып саат 06:39 курчоого алынып саат 08:49 толук өчүрүлгөн.
Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн.
Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзүүдө.
Өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн