Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды

16.10.2023 13:41
712
Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды


Бүгүн, 16-октябрда Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Курулуш президенттин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ага президентинин Иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул иш-чара Жалал-Абаддагы турак үйгө муктаж болгон тургундардын көптөн күткөн тилеги экенин белгиледи. Демилге элдин түйшүгүн жеңилдетүү багытындагы туура мамлекеттик башкаруунун натыйжасы экенин айтып, облуста ипотекалык турак жайларды куруу планы дагы уланаарын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мирлан
Ошондо Ысык-Колдун Асман шаарына курулуучу көп кабаттуу турак жай үй Жалал-Абадга секирдиби?