Жалал-Абадда пахта заводдо өрт чыгып, 3 тонна пахта күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"30-ноябрь күнү Кочкор-Ата шаарында жайгашкан жеке менчик пахта заводунун өрт чыкканыдыгы тууралуу маалымат саат 19:10 түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө №55 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жайды 19:50 курчоого алып, бир саат аралыгында жалындаган өрттү ӨКМдин кызматкерлери өчүрүшкөн",- деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна пахта күйдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн