Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда темир заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды

Жалал-Абадда темир заводдо жарылуу болуп,  үч адам оор жаракат алды

Жалал-Абад шаарындагы заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.


Маалыматка караганда, Индустриальный көчөсүндө жайгашкан темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган.


Окуянын кесепетинен 1991-жылкы Б.А., 1993-жылкы К.С. жана 1996-жылкы А.А. жабыркаган. Аларды куткаруучулар келгенге чейин эле Тез жардам кызматы алып кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, төрт киши алгачкы медициналык жардам алып, ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми үч адамдын денелеринин 90 пайызы күйүп калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн