Бүгүн, 15-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Базар-Коргон районуна караштуу Аук айылында турак жай күйүп жатат деген маалымат саат 14:12 түшкөн.
Жерине номер 78 ӨК-КБнүн 2-бөлүмү тартылып саат 14:40 өрт чектөөгө алынып, саат 15:12 толугу менен өчүрүлгөн.
Күйгөн турак жайдын жалпы аянты 78 чарчы метрди түзөт. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн