Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, 38 жаштагы жаран каза болду

Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, 38 жаштагы жаран каза болду

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам изге ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта саат 09:25 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине № 78 ӨКБнүн эки бөлүмү тартылып, аталган турак жай саат 09:45те чектөөгө алынган, өрт саат 10:57де толук өчүрүлгөн.


Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн