Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Жалал-Абадда жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн соцкызматкер кармалды

23.09.2024 12:47
19
Жалал-Абадда жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн соцкызматкер кармалды

Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасына бөгөт коюлду.

Натыйжада 19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган М.О.З. социалдык жөлөкпулдарды, тактап айтканда, "үй бүлөгө көмөк" төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган.

Ошол эле учурда М.О.З.нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн