Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалал-Абадда жеке ишкерден опузалап акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

22.04.2024 18:17
195
Жалал-Абадда жеке ишкерден опузалап акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды


Жалал-Абадда жеке ишкерден опузалап акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси К.Т.А. кармалды.

Ал УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы иш-аракеттерди улантууда.

Мындан улам, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо төмөнкү байланыш номери аркылуу билдирүүгө чакырат: (WhatsApp – 0995 012210).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн