Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абаддагы унаа жолдорунда 3 жерде кар көчкү түштү

Жалал-Абаддагы унаа жолдорунда 3 жерде кар көчкү түштү

Жалал-Абаддагы унаа жолдорунда 3 жерде кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.



6-март күнү Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымында болжол менен 3100 м³, ал эми Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 99-101-чакырымында болжол менен 558 м³, Торкен-Толук автоунаа жолунда болжол менен 840 м³ кар көчкү түшкөн.


 Буга байланыштуу Токтогул, Чаткал райондук ӨКБ өздүк курамы менен биргеликте Жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, жолду тазалоо жүмуштары жүргүзүлдү. 


Өлкө аймагында аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу узак жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону ӨКМ эскертет. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн