Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 23:13
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда, - Жапаров

06.09.2024 13:07
222
Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда, - Жапаров


Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Asman Airlines компаниясынын биринчи учагын Бишкекте тосуп алуу учурунда айтты.


Ал соңку үч жылда "Манас" аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип, компаниянын таза кирешеси 2019-жылдагы 2 миллиард 108 миллион сомдон 2023-жылы 6 миллиарддан ашканын белгилеген.


"2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана "Эйркей джи" авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бүгүнкү күндө дагы бир Q 400 учагы сатып алынды", — деди Жапаров.


Ошондой эле ал 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде өлкөнүн аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн өсүү динамикасы 3,98 миллиондон 5,6 миллионго жетип, өсүш 41 пайызды түзгөнүн белгиледи.


"Каракол", "Казарман", "Кербен", "Талас", "Нарын" аэропорттору реконструкцияланып, жаңы авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда", — деди минкаб башчысы.


Эске салсак, Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги чоң аэропорт куруларын былтыр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн