Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковго кысым болгонун четке какты

06.05.2022 15:38
389
Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковго кысым болгонун четке какты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга комментарий берди. Ал 6-майда “Азаттыкка” курган маегинде “Манас айылы” оңдоп-түзөөдөн өтүп, этнографиялык комплекстин жери ошол бойдон каларын айтты.


Азамат Жаманкулов президент Садыр Жапаров "Манас айылы" ордунда каларын, реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырганын, манасчы бирок андан баш тартканын белгиледи:


"Дөөлөт мырзаны чакырып баарын түшүндүрдүм. Ал жерде эч кандай коркутуу болгон эмес. Президент да “Манас бир кишиники эмес. Ага баарыбыз күйөбүз” деп айтпадыбы. Кичинекей жерден бул чоң маселеге айланып кетти".


Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков өзүнө кысым болуп жатканын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн