Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жамиля Исаева “Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын аялдарынын диалогу” аталышындагы иш-чарага катышты

13.05.2022 16:26
394
Жамиля Исаева “Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын аялдарынын диалогу” аталышындагы иш-чарага катышты

Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Ашхабад шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын аялдарынын диалогу” аталышындагы иш-чарага катышты.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.


Жыйынды Түркмөнстандын Милли Генгешинин Межлисинин Төрайымы Гүлшат Маммедова ачып, андан соң башка өлкөлөрдүн парламенттеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө сөз берилди.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева аялдардын саясий-коомдук иштердеги активдүүлүгүн жогорулатуу жана лидер айымдарга колдоо жаатында Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге токтолуп: “Жогорку Кеңештин Төрагасынын демилгеси менен Аялдардын укуктары боюнча кеңеш өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш катары кайрадан түзүлгөнү кубандырат. Ага ылайык, аталган Кеңеш аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, адам укуктарына тиешелүү эл аралык конвенциялардын талаптарын сактоо боюнча эл аралык уюмдар жана жарандык коом менен түздөн-түз иш алып барат”, – деди.

Мындан тышкары, Кыргызстан басмырлоону, укук бузууну жоюуга жана гендердик теңчиликти камсыздоого байланышкан бир катар эл аралык документтерге жана конвенцияларга кошулганын эске салып, бул жааттагы милдеттемелерин аткарууну улантып жатканын кошумчалады.  

Мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери тууралуу да сөз кылган Джамиля Исаева: “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарды Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп кабыл алган”, – деди.

Ошондой эле саясий алкакта да аялдардын активдүүлүгүн арттыруу аракети күч экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер үчүн 30%дык гендердик квота каралганына токтолду. Муну менен катар Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана 2021-2023-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорлору иштелип чыкканын кошумчалады.

Жыйын соңунда тийиштүү сунуштарды камтыган Ашхабад декларациясы кабыл алынып, 2022-жылга карата иш пландар бекитилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн