Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жамин Акималиев: “Аскарбек Жаныбеков кетмейинче, айыл чарбасы алдыга жылбайт!”

03.07.2023 09:13
3130
Жамин Акималиев: “Аскарбек Жаныбеков кетмейинче, айыл чарбасы алдыга жылбайт!”


Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Жамин ага менен маек.


- Жамин ага, бүгүнкү күндө айыл чарбасында Россиядан былтыр келген үрөндөрдү “кара көсөө” басып кеткени айтылууда. Бул мүчүлүштүктөн кантип арылса болот?


- Бүт өмүрүн айыл чарбага арнаган адис жана илимпоз катары биздин чоңдорго айтарым, Аскарбек Жаныбеков кетмейинче, айыл чарбасы алдыга жылбайт! Буга бир эле далил келтирейин. Президент Садыр Жапаров республикабыз өзүн-өзү азык-түлүк, сапаттуу урук, техника жана суу менен толук камсыз кылсын деген максатта 26 миллиард сом өлчөмүндөгү болуп көрбөгөндөй каражатты мамлекеттик бюджеттен бөлүп берди. Демек, айыл чарба министри өлкөбүздүн тажрыйбалуу адистерин, акылман окумуштууларын жана алдыңкы өндүрүшчүлөрүн чогултуп, атайын программа түзүп, мамлекеттен алынган акчаны республикабыздын ичинде пайдаланышы керек болчу. Ошондо көп эле дегенде үч жыл ичинде президентибиз койгон орчундуу милдеттерди аткарып коймокпуз. Анткендин ордуна, Аскарбек Жаныбеков миллиарддаган каражаттарды Россияга көтөрүп барып, алардын ансыз деле бай бюджетин толтуруп берди. Башкача айтканда, ал жактан 1,5 миллиард сомго Кыргызстандын табыгый шартына туура келбеген жана биздин талааларда сыналбаган буудайдын, арпанын сортторун жана уруктарын сатып келген. Бул негизинде республикабыздын үрөнчүлүк боюнча мыйзамдарына карама-каршы келет жана кыянаттык ишке барабар. Анын ордуна акчаны өзүбүздө пайдаланып, мекенибизден чыгып жаткан сортторду жана үрөндөрдү өндүрүшкө кенен-кесир таратыш керек эле. Себеби, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биздин илимий изилдөө мекемелерибиз жараткан сорттору жана анын уруктары түшүмдүүлүк, ошондой эле кургакчылыкка жана илдеттерге чыдамдуулугу боюнча Россияныкынан алда канча алдыда турат жана арзанга түшмөк. Сырттан алынып келинген буудайдын жана арпанын үрөндөрү, биринчиден, кеч келип, толугу менен себилбей калды. Экинчиден, аларды бир нече ай сактап турган учурда уруктун сапаты кескин төмөндөп, анын жерге өсүп чыгышы 50 пайыздан ашкан эмес. Мындан тышкары, алыс жактан ташылып келинген үрөндөрдүн 1 килограммы 60 сомго чыгып кетти. Өзүбүздө өндүрүлгөндө ал 30 сомдон ашмак эмес. Кымбатына карабай сырттан келген уруктарды айыл чарба министри дыйкандарга күчкө салып таратты. Аны дагы түздөн-түз бербестен банк аркылуу жөнөтүп, 4 пайыз менен насыя кылып беришти. Бул эми акылга сыйбаган иш да! Болбосо, 26 миллиард сомдун алкагында өзүбүздүн эле үрөн чарбаларыбыздын айдоо аянттарын кеңейтип, аларды арзан кредит менен камсыз кылып койгондо, маселе тез эле чечилип, өндүрүштү өнүктүрүүгө омок түзүлүп калмак. 

Жүрөгүбүздү сыздаткан дагы бир нерсе – Россиядан кымбат баада сатылып келинген уруктардын арасынан өтө коркунучтуу жана жугуштуу илдеттер чыкты. Мисалы, арпанын арасынан «кара көсөө» деген жаман оору чыгып, ал Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жерлерин басып кетти. Бул илдет өсүмдүктүн сабагы менен чогуу чыгып, түшүмдү кескин төмөндөтөт. “Кара көсөөнү” биз Совет доорунда эле жок кылганбыз. Анүстүнө биздин атамекендик сортторубуз бул илдетке чыдамкай келет. Россиядан келген сорттордун ооруга туруксуз экендиги аз келгенсип, алардын үрөндөрү тийиштүү тартипте дарыланбаптыр. Былтыр айыл чарба министри бул коркунучтуу илдет менен чечкиндүү күрөшкөндүн ордуна аны жаап-жашырып койду. Анткен менен “кара көсөөнүн” мителери шамал аркылуу жайылып, топурактын курамында көп жылдарга сакталып калды. Эми аны жоготуш үчүн илдет каптаган жерлерге беш жыл катары менен эгин сеппеш керек жана которуштуруп айдоону киргизип, жерди терең айдоо зарыл. Ошентип, Аскарбек Жаныбековдун айынан таза жерлерибиз жугуштуу ооруга кабылып, келечекке орчундуу коркунучтар жаралды. Буга эми ким жооп берет? Сөзсүз министр!


- Ошол эле жер семирткичтердин баасы былтыр кымбат болуп, дыйкандар алалбай, сапаттуулугу да төмөн экени айтылууда. Ушуга эмне дейт элеңиз?


- Эми жер семирткичтерге келели. Алардын баасы кымбаттап, сапаты начарлап кеткендиги – бул чыркыраган чындык! Андан биздин бечара дыйкандарыбыз гана зыян тапты. Министрибиз кашын серпип да койгон жок. Кээ бир “билермандар” азот, фосфор жана калий семирткичтерин “химиялык” деп аташат. Чындыгында андай эмес, алар минералдык жер семирткичтер болуп эсептелет. Башкача айтканда, азот абадан, ал эми фосфор менен калий жаратылыш кендеринен алынат. Демек, бул химияга жатпайт. Негизинде, органикалык жана минералык жер семирткичтерди бири-бирине каршы койгон туура эмес. Өсүмдүктөр экөөнө тең муктаж. Тилекке каршы, бизде органикалык айыл чарбасынын көлөмү жалпы өндүрүштүн бир гана пайызын түзөт. Калганын биз минералдык жер семирткичтердин эсебинен алабыз. Алардын артыкчылыгы – биринчи жылы эле түшүмдүүлүктү бир жарым эсеге чейин жогорулата алат жана топурактын асылдуулугун бир калыпта кармап турат. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда жок дегенде минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу бир заводду курушубуз максатка ылайык. Азырынча аларды биз толугу менен Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан сатып келип жатабыз. Ошондуктан алар кымбат. Өзүбүз чыгарганда, жер семирткичтер эки эсе арзан болмок. Мындай үмүттөн ажырабай туралы, буюрса, ал дагы ишке ашып калар. Бирок баары бир азыркы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен биз алыска кете албайбыз. Кадрларды дагы “которуштуруп айдоо” – азыркы замандын талабы болуп турат. 


Маектешкен: Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн