Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жанар Акаев ЖККУнун парламенттик комитеттеринин башчыларынын жыйынына катышты

10.02.2022 10:23
386
Жанар Акаев ЖККУнун парламенттик комитеттеринин башчыларынын жыйынына катышты

Тармактык комитеттин төрагасы, депутат Жанарбек Акаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин башчыларынын отурумуна катышты.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


9-февралда Москва шаарында алгачкы ирет Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин тармактык комитеттеринин башчыларынын отуруму өттү. Анда эл аралык алакага байланышкан маселелер талкууланды.


Отурумга Жогорку Кеңештин атынан Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев менен КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты. 


Жанарбек Акаев чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалдын абалы тууралуу баяндама жасап: "Ооганстандагы туруксуздук Кыргызстанга түздөн-түз коркунуч келтирет жана биз аталган өлкөдө тынчтыктын орношуна кызыкдарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан терроризмдин жайылышына каршы күрөшүүдө ЖККУнун жооптуу аймагынын алдыңкы сабында турат. Андыктан бул жатта уюмдун потенциалын биргелешип чыңдоо зарыл”, - деди.


Ошондой эле отурумда ЖККУнун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн 2022-жылдын январь айынын башында Казакстан Республикасында жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы жана Уюмга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоону жакшыртуу багыттары талкууланды.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн