Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Жанар Акаев: "Азаттык" бейтарап медиа

29.04.2023 08:19
2978
Жанар Акаев: "Азаттык" бейтарап медиа

“Азаттык” медиа эмне ушул маселеңерди чечип берем, баланчаны иликтеп кустурам, түкүнчөнү каматып берем деген убада менен шайлоого катышып, добуш берип койгула деп суранды беле? Же өкмөт мүчөсү болуп элдин салыгынан айлык алып жатабы? Жети дубандагы уникалдуу, эмгекчил жарандарыбызды даңазалаган, тээ чек арадагы атуулдарыбыздын турмушун Жеңиш Айдаров менен Айгерим Акылбековадай чагылдырган журналисттер саналуу эле го. Тим эле ар бир маселе боюнча талап койгонуңар эл ишениминдеги бейтарап маалымат каражаты болгону үчүн гана. Жылына элибиз төлөгөн салыктан миллиард сомго жакын каржыланган мамлекеттик ММКлардан сурашыбыз керек, ачыктыкты, калыстыкты, отчетту. Бир түзүгүрөөк аналитикалык макала жазып көрбөгөн, же бир эл кыдырып видео тартпагандар сын такканда, тообо дейт экенсиң да.


Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн