Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 17:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Жанар Кадыралиев: Алдыда саясатта, коомчулукта жакшы жашоонун башталышы болот

11.12.2020 20:56
1830
Жанар Кадыралиев: Алдыда саясатта, коомчулукта жакшы жашоонун башталышы болот


Белгилүү астролог Жанар Кадыралиев келе жаткан жаңы 2021-жыл коомчулук үчүн, кыргыз саясат майданы үчүн кандай жыл болоору тууралуу айтып берди.


- “Чычкан жылынын экинчи жарым жылдыгы чыңалуу менен өтөт” деп жыл башында белгиледиңиз эле. Айткандай эле оор болду. Алдыдагы жарым жылдыкта жашообуз кандай өтөт?


- Келе жаткан 2021-жылы жалпы процесс тескерисинче жүрөт. Жаңы жылдын биринчи жарымы чыңалуу менен өтөт. Саясатчылар токтоо болушуп, акыл-эстүүлүккө таянып гана иш алып баруулары керек. 


- Кыргызстандын мындан аркы тагдырын өзгөртчү президенттик шайлоо алдыда турат. Президенттик тактыны алып, кимге жылдыздардын мээрими түшчүдөй?


- Азыркы бийликтегилердин эле жылдызы жанчудай. Өткөн жылы “чынчылдык керек, калп айткан алдамчы саясатчылар жакшы күн көрбөйт” дегенбиз. Быйыл деле ошондой болот. Саясатта ким туура жолду тандабаса, ошондой эле тагдыр күтөт. Аябай жаман жол күтөт. Дагы деле катуу толкундоолор болбой койбойт. 


Саясатчыларды жалган жолго салып, тескери жолдор менен элди үгүттөгөндөр өкүттө калат. Ким таза иш алып барса, кылган жумушу жогорулагандан жогорулайт. Мартабасы көтөрүлөт. Жылдын экинчи жарымы түзүгүрөөк өтөт.


Жакшы кызматка келип калгандардын арасында менден кеңеш алгандар да бар. Мен айларын, күндүн даталарын айтпай турууну оң көрөм. Датаны байкаган саясатчылар жылдыра коюп жатышат. Мен “бул айлар жакшы” деп белгилесем, ошол айга жылдырып жатышканын да байкадым. Мисалы, 20-декабрга белгиленген шайлоо жылдырылып кетти. Өздөрүнөн өйдөрөөк турган эшелондогуларга кайрылып, жылдыра коюп жатышат. 


2022-жылдан баштап чыңалуу азайып, жакшы жашоо башталат. Планеталардын чыңалуу абалы жоголот. Саясатта, коомчулукта жакшы жашоонун башталышы болот. Асманда чыңалуу болсо, жер бетинде жашап жаткан адамдардын баарына, саясатка таасирин бере берет. 


- Азыркы саясый абалдан тез чыгуу үчүн эмне кылуу керек?


- Астрологиялык көз караш менен алганда, азыркы өткөөл мезгилде Бөйөндөр менен Чаяндардын ой-пикирлери, чечимдери өтө чоң ролду ойнойт. Азыр ар кимиси ар тарапка тартып жаткан учур. Андыктан саясаттагы жана эл арасындагы Бөйөн, Чаяндардын баары активдүү болушу зарыл! Калпычы болбой, чынчыл болуулары тийиш! Чындыкты бетке айта билүү керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын келечеги дээрлик жакшы жакка бурулушу мүмкүн. Ыйманын сатып калп сүйлөгөндөрү быйыл күздөгүдөй болуп жаман абалга кептелишет. Кызмат орундарынан айрылышат. 


Кыргыздын таанымал инсандарынын ичинде Абдил Сегизбаев Бөйөнгө кирет.  Феликс Кулов, Аскар Акаев, Исхак Пирматов ж.б. Чаянга кирет. Азыркы кезде булардын ар бир айткан чындык сөздөрү көп нерсени чечет! Кыргызстандын оңолушуна бир аз да болсо жакшы салымын кошушат. Бирок, албетте, булар бул жөнүндө эч нерсени билишпейт. Ошондуктан “кыймылдагыла” деп бир аз сайгылап коюу керек!  


- Коронавирус боюнча алдын ала кандай жоромолдоруңуз бар?


- Декабрь айы бир калыпта тынч өтөт. Ооругандар өтө көбөйбөйт. Бирок январь айынан баштап ылдамдай баштайт. Жаңы жыл өткөндөн кийин көбөйүүсү, күч алуусу ыктымал. Январь, февраль, март өтсө, акырындап азая баштайт. Июль айларынан баштап 90%га азайып, бул дартты унута баштайбыз.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн