Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жанар Кадыралиев азыркы доордун Вангасыбы?

28.12.2020 09:41
1188
Жанар Кадыралиев азыркы доордун Вангасыбы?


Астролог Жанар Кадыралиевди көпчүлүк анча тааный бербейт. Биз да акыркы кездери “Азия Ньюс” гезитине берген маектерин “Арыба” сайтынан окуп таң калып жатабыз. Ал сентябрь айында аталган гезитке интервью бергенде 4-октябрдагы бийлик алмашууну так айткан экен. Биз маектин ошол бөлүгүн окурман журтчулугуна сунуш кылабыз.


- Айтсаңыз, парламенттик шайлоо тынч өтөбү, абал курчубайбы?


- Курчушу курчуйт. Эң курчуган күн 10-октябрга туш келет. 4-октябрь шайлоо, эртесинен баштап бир жумага абдан кооптуу. Адамдар абдан этият болушу керек. Саясий кырдаал катуу эле болот.


- Муну бийликтегилер эске алуусу керекпи?


- Бийликтегилер эске албайт. Алар “кыйын” да. Качан ээрден шыпырылып түшүп, баткакка батып калганда, же түрмөгө камалганда, же чет жакка качканда гана ойгонот. “Көсөнүн акылы түштөн кийин” дегендей. Булар мындайларга маани беришпейт. Экөөбүз жазып койгонду шылдыңдап, мыскылдап күлүп коюшат. Анан баштарына мүшкүл иш түкөндө көздөрү чакчайып, эмне кыларын билбей калышат.


- Учурда парламентке аттанган талапкерлер кайрылдыбы?


- Кайрылып атышат. Алардын аты-жөндөрү сыр бойдон сакталышы абзел. Айтып койсом капа болбойбу? Мындай кайрылуулар 10-15 жылдан бери келатат. Айткан-дегендерим так болгон үчүн жанды коюшпайт. Мен эми жаш бала эмесмин да, урдусокту кылып айта бергендей. Астрономия илими так, даана илим үчүн өмүр бою артынан сая түшүп келатам.


Сурат Жылкычиев, "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Замира
Ошондо Президент Ким болот? Башка тонкоруш кутулбойбу? Ошону айтса болмок.