Жогорку Кеңештин жаңы шайланган 7-чакырылышынын төрагасы болуп мурдагы төрага, "Ынтымак" саясий партиясынын мүчөсү Талант Мамытов шайланат. Бул тууралуу редакциябызга ишенимдүү булактарыбыз кабарлады.
Мындан сырткары, эки вице-спикерлик кызматка 4 талапкер көрсөтүлүп жатканы айтылды.
Алар; Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, "Ишеним" партиясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов жана Жамиля Исаева, "Альянс" партиясынан Жанар Акаев.
Пикирлер (4)