Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы шайланган депутат Кыргызстандын аталышын жана тууну өзгөртүүнү сунуштады

30.12.2021 10:58
1915
Жаңы шайланган депутат Кыргызстандын аталышын жана тууну өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын жыйынында Жети-Өгүз шайлоо округунан шайланган депутат Арсланбек Малиев Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүү сунушу тууралуу айтты.


Анын айтымында, өлкөнүн аталышы толук кыргыз тилинде эмес.


"Кыргызстан дегендеги -стан мүчөсү кыргыз тилинин мүчөсү эмес перс тилинен алынган. Ал эми Кыргыз Республикасындагы республика деген сөз латын тилинен алынган",- деди Малиев.

Мындан сырткары, ал өлкөнүн мамлекеттик туусунун түсүн өзгөртүү боюнча об бар экенин айтты.


Эскерте кетсек, Арсланбек Малиев бир нече жылдан бери аталган маселени көтөрүп келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн