Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 08:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жаңы тариф киргизилет. 1-сентябрдан электр энергиясына болгон баа кымбаттайт

06.07.2021 13:34
724
Жаңы тариф киргизилет. 1-сентябрдан электр энергиясына болгон баа кымбаттайт


Электр энергиясына болгон жаңы тариф 1-сентябрда ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин өкүлү Миргүл Айдарова билдирди.


Анын айтымында, жаңы тариф боюнча төлөө 1-сентябрдан башталат. 


"Азыркы учурда бир аз кечигип калдык. Биз документалдык иш-чараларды жүргүзүшүбүз керек. Жаңы жобо Юстиция министрлигинде катталат. Эгерде долбоордун коомдук талкуусу 15-июлда аяктаса, аны өкмөттүн бекитүүсүнө сунуштоо үчүн толук бир ай убакыт керек. Андан кийин, 15-августтарда министрлер кабинетинен жарлык күтөбүз. 1-сентябрдан тарта жаңы тариф менен иштей баштоону пландап жатабыз",- деди Айдарова.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Тарифини которуштон мурда айлык пенсия пособиени которсо болбойбу.Сабиз 100сом.