Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жаңы жылдан тарта Кытайга баруучуларга жаңы эрежелер киргизилет

31.12.2022 10:04
423
Жаңы жылдан тарта Кытайга баруучуларга жаңы эрежелер киргизилет


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайга барчулар үчүн 8-январдан тарта кирген жаңы эрежелерди түшүндүрдү.

"2022-жылдын 27-декабрындагы Кытай бийлигинин расмий маалыматына ылайык, аталган тарап 2023-жылдын 8-январынан тартып Кытайга келүү боюнча карантиндик эрежелерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ төмөнкүлөрдү кабарлады:

2023-жылдын 8-январынан баштап Кытайга келүү үчүн КЭРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен атайын ден соолук QR-кодун алуу боюнча талаптар жокко чыгарылат. Кытайга сапар алган жарандар кетерден мурда 48 саат ичинде жасалган CОVID-19 боюнча ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ушуну менен бирге бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тартып жана Кытайга учуу учурунда бет кап кийүүгө милдеттүү болот.

Кытайга келгендердин бардыгы үчүн ПЦР-тестирлөөдөн жана жамааттык обсервациядан милдеттүү түрдө өтүү боюнча талаптар жокко чыгарылат.

Бардык жүргүнчүлөр ден соолугу жөнүндө бажы декларациясын толтуруу учурунда тесттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат бериши керек.

Декларацияда ден соолугу начар экендигин көрсөткөн же эти ысыган белгилери бар жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырат. Эгерде оң натыйжа чыкса, анда саламаттыгына жараша, айыкканга чейин үйдө карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн