Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:49
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жапаров: 11-майдан тарта ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек

10.05.2022 14:32
885
Жапаров: 11-майдан тарта ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды. 


Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети адамдын өнүгүүсүнө жана жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурушу керек.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты. 


Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн