Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров Армения президентине соода борбордогу жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

15.08.2022 18:50
602
Жапаров Армения президентине соода борбордогу жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


“Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.


Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм” - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн